«Уят – ыймандын бир бөлүгү» (Бухари, Муслим)
баарын көрүү
Аймактар | 21.03.2026
  • |

Кара-Сууда жергиликтүү тургундар имамга автоунаа белек кылышты

Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун баш имам-хатибинин милдетин аткаруучу Исак ажы Юнусов Манас айыл өкмөтүндөгү Лангар айылында жайгашкан «Лангар» мечитинин имамы Равшанбек Амраевге жергиликтүү тургундар Орозо айт майрамына карата автоунаа белек кылышкандыгын билдирди.

«Дин кызматкерлерин колдогон берешен элибизден айланса болот. Өзгөчө Орозо айт майрамына карата эң сонун белек болуптур. Демилге көтөргөн жаштардан Аллахым ыраазы болсун. Буйруса бул жөрөлгө бардык айыл жерлеринде уюштурулат деп ишенебиз», – деди Исак ажы Юнусов.