«Орозо кармагыла да, (жан дүйнөңөрдү да, ден-соолугуңарды да) чыңдагыла! (Хайсами 3/179)
Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында Ысык-Көл казыятынын демилгеси жана жергиликтүү демөөрчүлөрдүн колдоосу менен 100 даана кайрымдуулук баштыгы таратылды. Иш-чара муктаж үй-бүлөлөрдү колдоо жана Рамазан айында сооптуу амалдарды аткаруу максатында уюштурулду.
Кайрымдуулук иш-чарасына Ысык-Көл облусунун казысынын орун басары Алмазбек ажы Сагындыков баштаган дин кызматкерлери катышып, жардам алган жарандарга колдоо көрсөтүп, батасын берди. Ал өз сөзүндө кайрымдуулук иштеринин маанилүүлүгүн белгилеп, мындай иш-чаралар мындан ары да улантыларын айтты.