«Өзүңөрдү жана үй-бүлөңөрдү тозок отунан сактагыла» (Тахрим сүрөсү, 6-аят)
Аймактар | 09.03.2026
  • |

Каракол шаарындагы кайрымдуулук дүкөнү муктаждар үчүн ачык

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы Мухтарулло мечитинин алдындагы кайрымдуулук дүкөнү жылдагыдай эле муктаж жарандар үчүн өз ишин улантууда.

Бул кайрымдуулук дүкөнүндө азык-түлүктөр бекер коюлуп, муктаж болгон жарандар каалаган азыктарын алып кетсе болот. Дүкөн үчүнчү жылдан бери элге кызмат кылып, көптөгөн адамдарга пайдасын тийгизип келет.

Кайрымдуу инсандардын демилгеси менен уюштурулган бул дүкөн Рамазан айынын ичинде да күн сайын ачык болот. Ичинде ар түрдүү азык-түлүктөр, жаңы азык-түлүктөр коюлуп, текчелер күн сайын жаңыланып толукталып турат.

Бул кайрымдуулук иши тууралуу маалыматты Каракол шаарынын баш имам-хатибинин м.а. Рустам ажы Ыбыкеев билдирди.

Кайрымдуулук дүкөнүнүн негизги максаты — муктаж жарандарга жардам берүү жана коомдо кайрымдуулук маданиятын өнүктүрүү болуп саналат.