«Орозо кармоочунун оозунан чыккан жагымсыз жыт, Аллах Тааланын астында жыпар жыттуу атырдан да жагымдуу болот. Кыямат күнү ага эсепсиз сооптор берилет» (хадис).
Аймактар | 19.02.2026
  • |

КИУ жана «Расул Акрам» ислам институтунун студенттери Ыйык Рамазанды утурлай практикага чыгышты

КМДБнын Талас облусундагы өкүлчүлүгүнүн кайрылуусу менен Кыргызстан Ислам университетинин (КИУ) жана «Расул Акрам» ислам институтунун студенттери жыл сайын салтка айлангандай, Ыйык Рамазан айына карата Талас облусунун ар кайсы аймактарына практикага чыгышты. 

Азирети Муфтийдин Талас облусундагы өкүлү Нийматилла ажы Топчиев төрт жылдан бери Рамазан айында студенттерди практикага жиберип жаткан Кыргызстан Ислам университетинин ректору Абдишүкүр ажы Нарматовго жана «Расул Акрам» ислам институтунун ректору Садридин ажы Иметовго ыраазычылыгын билдирип, мындай демилгелердин артында коомдогу ыймандуулук жана биримдик дагы да бекемделерин баса белгиледи.

«Ыйык Рамазан – мусулмандар үчүн өзгөчө берекелүү жана ыйык ай. Бул айда Куран түшүрүлүп, момундар Аллахтын ыраазылыгына умтулуп, сооп иштерге көбүрөөк маани беришет. Студенттердин аймактарга жиберилиши да дал ушул максатта уюштурулуп, алардын диний билимин практика жүзүндө колдонуу мүмкүнчүлүгү жаралып, студенттерибиз жергиликтүү мечиттерде ислам илими боюнча сабак берүү, жаштарды адеп-ахлакка тарбиялоо, таравих намаздарын окуу жана Куран хатм кылуу максатында келишти. КИУ жана «Расул Акрам» ислам институтунун студенттери жыл сайын мындай практикага жиберилгендиктен, алар буга чейин да аймактарда иштеп, тажрыйба топтошкон. Бул жылы да алар Таластын бардык райондоруна бөлүнүп, ар бир айылда жергиликтүү эл менен тыгыз иш алып барышууда. Жергиликтүү тургундар да жыл сайын студенттерди жылуу кабыл алып, алардын билимдеринен пайдаланып, өздөрүнүн диний сабаттуулугун арттырып жатышат», – деп билдиришти Азирети Муфтийдин аймактагы өкүлү.