Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.
«Эч өлбөй турган түбөлүк Тирүүгө тобокел кыл жана Аны мактоо менен аруула» (Фуркан, 58).
Үстүбүздөгү жылдын 8-9-январь күндөрү КМДБнын Ош облусундагы өкүлүнүн милдетин аткаруучу Султанали ажы Гапуровдун демилгесин колдоого алган Эл аралык Эмират фонду тарабынан Ош облусунун Алай районуна караштуу Памир-Алай айыл аймагындагы Сары-Таш, Сары-Могол жана Талды-Суу айылы менен Чоң-Алай районунун Бурган-Суу айылына жайгашкан памирлик кайрылман элге жардам баштыктары таратылды.
Ага ылайык, жалпы тургундарга 100 тонна көмүр түшүрүлүп берилди.
Андан сырткары тиричиликке колдонулуучу 5 тонна азык-түлүк менен жылыткыч, жууркан төшөк жана жаш балдар үчүн кышкы кийимдер таратылды.
Ошондой эле, Сары-Могол айылынын жергиликтүү тургуну болгон жалгыз бой энеге бир бодо мал тапшырылды.
Аталган кайрымдуулукту колдоого алган Эл аралык Эмират фондунун жетекчилери жергиликтүү тургундардан оор абалда жашагандар үчүн дагы жардам көрсөтүү максатында бир канча үйү жок жана үйү начар абалга келип калгандардан кабар алып, үй куруп берүү маселесин карай тургандыгын билдиришти.