Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.

«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Аймактар | 02.12.2025
  • |

КМДБнын Жалал-Абад облусундагы өкүлү Аксыга иш сапары менен барды

КМДБнын Жалал-Абад облусундагы өкүлү Нематулла ажы Жээнбековдун Аксы районуна болгон иш сапарынын алкагында аймактагы диний тармакты өркүндөтүүгө багытталган бир катар жолугушуулар өткөрүлдү.

Иш сапар Кербен шаарынын мэри Жаныш Раимжанов менен болгон сүйлөшүүдөн башталды. Жолугушууда аймакта диний багыттагы иштерди жакшыртуу, өз ара кызматташууну күчөтүү жана коомчулукта ысырапкорлуктун алдын алуу боюнча бирдиктүү аракеттерди жүргүзүү маселелери талкууланды. Нематулла ажы Жээнбеков КР Президентинин №54 Жарлыгынын талаптарын туура түшүндүрүү жана элге жеткирүүдө жергиликтүү бийлик менен бирдиктүү иш алып баруу маанилүү экенин баса белгиледи. Ошондой эле мечиттерди кайра каттоо, имамдардын билим деңгээлин жогорулатуу жана диний тартиптерди бирдиктүү стандартка келтирүү боюнча пикирлер айтылды.

Кербен шаарынын мэри Жаныш Раимжанов мэрия тараптан толук колдоо көрсөтүлөрүн белгилеп, аймактагы мечиттерди каттоо жана ысырапсыздык боюнча түшүндүрүү иштерин биргеликте жүргүзүүгө даяр экенин билдирди.

Мэриядагы жолугушуудан кийин иш сапар Аксы райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында уланды. Жыйынга район акиминин орун басары А. Салиева, Кербен шаарынын мэри Ж. Раимжанов, мэриянын кызматкерлери, айыл өкмөт башчылары жана район аймагындагы имамдар катышты. Делегация курамында өкүлдүн орун басары Арпидин ажы Жороев жана окуу бөлүмүнүн адиси Нурдин Рустамбек уулу болду.

Жыйындын жүрүшүндө Президенттин №54 Жарлыгынын маңызы жана анын аткарылышын камсыздоо боюнча кеңири түшүндүрмөлөр берилип, аймакта ысырапкорлукту азайтуу, диний жөрөлгөлөрдү тартипке келтирүү жана калк арасында бирдиктүү түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарылдыгы белгиленди. Ошондой эле имамдардын квалификациясын жогорулатуу боюнча иштелип чыккан КМДБнын атайын окуу программасы тааныштырылып, дин кызматкерлеринин заман талабына ылайык билимин өркүндөтүүсү керек экени айтылды.

Жыйында аймакта орун алып жаткан айрым көйгөйлөрдү жергиликтүү бийлик менен биргеликте чечүү, мечиттерди кайра каттоо иштерин ыкчамдатуу жана мыйзам талаптарын так сактоо боюнча сунуштар да угулду.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү муфтияттын демилгелерин колдоорун билдирип, дин кызматкерлери менен кызматташтыкты мындан ары да күчөтүүгө даяр экендигин маалымдашты.

Иш сапардын жыйынтыгында тараптар коомдук тартипти чыңдоо, ысырапкорлукту алдын алуу жана аймактагы диний багыттагы ишмердүүлүктү жакшыртуу боюнча кызматташууну улантууга макулдашышты.