Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.
«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казыяты менен Ош облусунун мусулмандарынын казыятынын ортосунда тажрыйба алмашуу максатында өз ара кызматташтыкты бекемдеген илимий иш сапар уюштурулду.
Сапардын алкагында Жалал-Абад облусунун казыятынын кызматкерлери жана райондор менен шаарлардын баш имам-хатибдери Ош облусунун Өзгөн районуна илимий зыярат жасашты. Дин кызматкерлери Өзгөн мунарасы жана улуу аалым Имам Сарахсинин күбөсү жайгашкан тарыхый жерлерге барып, ал жерлердин тарыхы менен кеңири таанышты.
Зыярат учурунда катышуучуларга «Имам Сарахси» мечитинин кызматкерлери жана Өзгөн райондук хатибиятынын өкүлдөрү тарабынан мазмундуу маалыматтар берилди. Мындан сырткары, Өзгөн музейинин директору Султан Абдракманов атайын экскурсия өткөрүп, тарыхый мурастар тууралуу кызыктуу баяндамасын сунуштады.
Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казысы Нематулла ажы Жээнбеков иш сапарды уюштурган тараптарга, Өзгөндөгү диний жана маданий мекемелерге ыраазычылык билдирип, мындай иш-чаралар кызматташтыкты арттырып, диний билим деңгээлин жогорулатууга өбөлгө болорун белгиледи.