Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.

«Эй адамдар! Силер Аллага муктажсыңар! Алла болсо эч нерсеге муктаж эмес, Макталуучу!» (Фаатир, 15).
Аймактар | 05.01.2026
  • |

Кырк жыл имам болгон Хамиджан кары Пазиловго автоунаа жана Ардак грамоталар тапшырылды

Азирети Муфтийдин Ош облусундагы өкүлүнүн милдетин аткаруучу Султанали ажы Гапуров Ноокат районуна иш сапар менен барып, анда Жаңы-Ноокат аймагындагы "Халмат кары" мечитинде кырк жыл имамдык кылган Хамиджан кары Пазиловго өкүлчүлүктүн Ардак грамотасын тапшырды.

Ал эми жергиликтүү тургундар имамдын кырк жылдык мээнетин баалап, ага автоунаа белек кылышты. 

Ошондой эле, аталган имамга элдин ынтымагын бекемдеп, эл менен биргеликте каражат чогултуп ички жолдорго асфальт басууда көрсөткөн жигердүү кызматы үчүн Жаңы-Ноокат айыл өкмөтү тарабынан да Ардак грамота тапшырылды.

Айта кетсек, Хамиджан кары Пазилов кырк жыл имамдык кызматын аркалоо учурунда элдин ынтымагын бекемдеп, салттуу ислам дининин калк арасында сакталуусуна зор салымын кошуп, эки жума мечитин жана бир медресе курууда уюштуруу иштеринин башында турган. Ошону менен бирге жаштарды диний билим алууга кызыктырып, көптөгөн шакирттерди чыгарган.