Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.

Пайгамбарыбыз ﷺ айтты: “Эң жакшыңар — өз үй-бүлөсүнө эң жакшы мамиле кылгандар”.
Аймактар | 09.12.2025
  • |

Кызыл-Кыяда «Ыйык Куран» аттуу салтанаттуу иш-чара өттү

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы “Азирети Айша эне” окуу борбору Куранды толук жаттап бүткөн төрт окуучусунун урматына Кызыл-Кыя шаардык маданият үйүндө «Ыйык Куран» аттуу салтанаттуу иш-чара өткөрдү.

Иш-чарага КМДБнын Баткен облусундагы өкүлүнүн милдетин аткаруучу Нуридин ажы Мамасабиров, орун басарынын милдетин аткаруучу Муса ажы Жолдошов, Кызыл-Кыя шаарынын баш имам-хатибинин милдетин аткаруучу Нийматилла Топчиев, ошондой эле окуу борборунун окуучулары жана алардын ата-энелери катышты.

Салтанатта сөз сүйлөгөн Нуридин ажы Мамасабиров Курани Каримди толук жаттап бүтүргөн хафизаларды куттуктап, ата-энелерине “алтын тажы кут болсун” деп ак батасын берди.

Иш-чаранын жүрүшүндө “Азирети Айша эне” окуу борборунун кыздары ыйманга, адеп-ахлакка чакырган сахналык көрүнүштөрдү сунуштап, келген конокторго таасирдүү программа тартуулашты.

Салтанаттын соңунда Куранды толук жаттап хафиза болгон төрт окуучу — Сайпидинова Назик, Досмурадова Адина, Исакова Мадина жана Сабирова Шахрибонуга окуу борборунун атынан атайын сертификаттар ыйгарылды.