«Ким Аллахтан корксо жана сабыр кылса, албетте Аллах жакшы иштерди жасагандардын эмгегин текке кетирбейт» (Юсуф, 90).
Баткен облусунун Лейлек районунун Кең-Талаа, Кулунду жана Жаңы-Жер айыл аймактарынын имамдары үчүн 2 күндүк окуу сабактары уюштурулду.
Иш-чараны Лейлек районунун баш имам-хатиби Кубатбек Абдыгапар уулу уюштуруп, анда имамдарга акыйда жана фикх багытында сабактар өткөрүлдү. Сабактарды Лейлек районундагы “Таир” медресесинин мугалимдери Ибрахим Кадыров “Мухтасар Викоя” китебинен, ал эми Абдурахман Саитов “Фикхул-Акбар” китебинен түшүндүрмө берип жатышат.
Мындан тышкары, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү да катышып, дин кызматкерлерине мыйзамдар боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.
Баш имам-хатиб Абдыгапар уулу Кубатбек имамдарга Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы жана казыяттан берилген тапшырмаларды так аткаруунун маанисин белгилеп, кош көңүл болбоого чакырды.