Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.
«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Бүгүн, 6-август күнү Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров иш сапары менен Талас облусунун Манас районунда болду. Райондордогу диний кызматкерлер менен жеринде жолугушууга багытталган жыйындын алкагында КМДБ жетекчиси райондук хатибияттын жүргүзүп жаткан ишмердүүлүгү жана район-шаардагы диний абал боюнча маалыматтык-отчёт укту.
Манас районунун баш имам-хатиби Миржалал ажы Дадабаев хатибияттын ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берди.
«Урматтуу пайгамбар аманатчылары болгон имамдар. Биздин мойнубузда оор жоопкерчилик бар. Тарыхыбызга кылчайсак, Орто Азияда ишеним боюнча конфликт болгон эмес. Бирок учурда чоочун агымдар пайда болуп, түшүнбөстүктөрдү жана бөлүнүп-жарылууларды пайда кылууда. Анын натыйжасында айрым жарандардын акыйдасы бузулуп, мечит жамаатынын биримдигине доо кетүүдө. Мына ушундай жагдайларда биз, имамдар, тикеден-тик туруп, матуридилик-ханафиликке бекем туралы. Динибиздин акыйкатын, элибиздин биримдигин бүлдүргүсү келген кыймылдарга каршы илимий күрөш кылалы. Такай мечитте болуп, элдин диний муктаждыгын канааттандыралы. Имамдыктын акысын бербесек, акыретте эсеп-кысап оор болуп калат. Мечиттер калып кетпесин», – деди Азирети Муфтий.
Абдулазиз кары Закиров азыркы маалыматтык доордо калайыкка туура диний маалыматты берүү, элди ар кандай агымдардан сактап калуу жана айыл-шаарды адеп-ахлакка тарбиялоо имамдын милдети экенин кошумчалады.
Саамалыкта муфтияттын 1,5 жыл ичинде аткарган иштери боюнча видеоролик жана «Нарк» долбоорунун алкагында тартылган таалим-тарбиялык видеолор көрсөтүлдү. Ошондой эле аймакта диний агартуу иштерин жигердүү жүргүзүп келе жаткан үгүтчүлөргө Муфтияттын Ыраазычылык баракчасы тапшырылды.
Аймактагы имамдар менен жолугушууга багытталган саамалыктын 2-бөлүгүндө муктаж диний кызматкерлерге жана бир катар социалдык аз камсыз жарандарга акчалай жардам таратылды.