Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.

«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Аймактар | 24.10.2025
  • |

Москва районунда диний кызматкерлер ортосунда футболдук мелдеш өткөрүлдү

Чүй облусунун Москва районунун хатибияты тарабынан футбол боюнча “Ынтымак” аттуу достук турнири уюштурулду. Бул иш-чаранын негизги максаты — имам-хатибдер жана диний кызматкерлер ортосундагы ынтымакты, биримдикти жана өз ара түшүнүшүүнү чыңдоо, спорт аркылуу ден соолукту чыңдоо болду.

Турнирге Чүй облусунун ар кайсы райондорунан келген имамдар жана казыят кызматкерлери катышып, кызыктуу оюн көрсөтүштү. Ар бир команда өз чеберчилигин жана ынтымактуу оюн көрсөтүү менен көрүүчүлөргө жагымдуу маанай тартуулады.

Жыйынтыгында 1-орунду Сокулук районунун имамдарынын командасы жеңип алса, 2-орунду Чүй облустук казыятынын кызматкерлери ээ болду. Ал эми 3-орунга Чүй районунун имамдары татыктуу болуп, турнирди жыйынтыкташты.

Жеңүүчүлөргө жана катышуучуларга уюштуруучулар тарабынан кубок, диплом жана баалуу белектер тапшырылып, жалпы катышуучуларга ийгилик жана ынтымак каалоолору айтылды.

Бул сыяктуу спорттук иш-чаралар мындан ары да улантылып, диний кызматкерлердин ортосундагы достукту жана биримдикти чыңдоого чоң салым кошору белгиленди.