Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.
«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү тарабынан Ала-Бука жана Чаткал райондорунун имамдары үчүн «Диний агымдар жана мазарлар» темасында кеңири форматтагы жыйын өткөрүлдү. Иш-чараны КМДБнын Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн милдетин аткаруучу Нематулла ажы Жээнбеков алып барып, ага өкүлдүн орун басарынын милдетин аткаруучу Арпидин ажы Жороев да катышты. Жыйынга ошондой эле Ала-Бука райондук администрациясынын аппарат жетекчиси Баяман Эркин уулу, социалдык тармактар үчүн жооптуу Гулназ Эшенкуловна, укук коргоо кызматкери катышып, дин жаатындагы учурдагы абал боюнча пикирлерин билдиришти.
КМДБнын Жалал-Абад облусунун өкүлүнүн м.а. Нематулла ажы Жээнбеков Диний агымдардын жайылышын алдын алуу зарылдыгын айтып, Имамдар эл арасында Ханафи мазхабы менен Матуриди ишениминин негиздерин туура түшүндүрүп, маалыматтык-агартуу иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүшү керектигин эскертти. Мындан сырткары, мазарлардагы ысырапкорчулукка жол бербөө зарылдыгын белгилеп, «Маркумду акыркы сапарга узатууда шариятка туура келбеген салттарга чек коюп, коомго туура багыт берүү — бул имамдардын негизги милдеттеринин бири», — деди ал.
Ошондой эле шам баяндардын өз учурунда айтылышын камсыздоо мезгил талабы экенин белгилеп, «Жамаат менен туруктуу байланыш түзүп, талаш-тартыштуу маселелерде КМДБнын фатваларына таянып иш жүргүзүү — диний биримдикти камсыздоонун маанилүү кадамы», — деп баса белгиледи ал.
Жыйындын соңунда имамдар өздөрүн кызыктырган суроолорун берип, КМДБнын Жалал-Абад облусунун өкүлчүлүгү тарабынан кеңири жана негиздүү жооптор алышты. Иш-чара райондордогу диний туруктуулукту бекемдөөгө, имамдардын билим деңгээлин жогорулатууга жана калк менен иштөөнү жакшыртууга багытталды.