Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.
«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казысы Нематулла ажы Жээнбеков 2025-жылдын июль айында атайын иш сапары менен Тогуз-Торо районуна барды. Сапардын алкагында облус казысы Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси Табылды Салиманов менен биргеликте райондогу мекеме-ишканалардын жетекчилери, айыл аксакалдары жана жергиликтүү имамдар менен жолугушуп, пикир алышты.
Жолугушууда Кыргыз Республикасынын Президентинин №54 Жарлыгын жүзөгө ашыруу, коомчулук арасында ысрапкерчиликти болтурбоо, терс диний агымдардан оолак болуу жана мазарларды тартипке келтирүү боюнча маанилүү маселелер көтөрүлдү.
Облус казысы жыйындын жүрүшүндө дин кызматкерлеринин коомдогу орду, алардын жоопкерчилиги жана мамлекет тарабынан түзүлүп жаткан шарттар тууралуу кеңири маалымат берди.
Нематулла ажы Жээнбеков мындан тышкары Тогуз-Торонун табигый кооздугуна, экологиялык шарттарына жана элдин ынтымагына жогору баа берип, райондун келечектеги диний-агартуу иштеринде активдүү болуусуна ишеним артарын билдирди.
Иш сапардын соңунда катышуучулар тараптан бир катар сунуштар айтылып, мындан аркы кызматташтыкты чыңдоого багытталган ойлор ортого салынды.