«Орозо кармоочунун оозунан чыккан жагымсыз жыт, Аллах Тааланын астында жыпар жыттуу атырдан да жагымдуу болот. Кыямат күнү ага эсепсиз сооптор берилет» (хадис).
Азирети Муфтийдин Талас облусундагы өкүлү Нийматилла ажы Топчиев жана Азирети Муфтийдин кеңешчиси Сагын ажы Эмилбаев өкүлчүлүктүн кызматкерлери менен биргеликте Талас жергесиндеги иш сапарын “Манас күмбөзүн” зыярат кылуу менен башташты.
Зыярат учурунда кыргыз элинин улуу баатыры Манас атанын арбагына багышталып Куран окулуп, дуба кылынды. Аалымдар Манас атанын кыргыз элинин тарыхындагы орду, улуттук аң-сезимди, биримдикти жана мекенчилдикти бекемдөөдөгү эбегейсиз эмгеги тууралуу сөз кылышты. Ошондой эле ата-бабалардын мурасын унутпай, руханий баалуулуктарды сактоо кийинки муундардын ыйык милдети экенин белгилешти.
Мындан тышкары, Талас облусуна узак жылдар бою кызмат кылган казылар Сатылган ажы Бает уулу жана Таалай ажы Бапиевдин үйлөрүнө барып зыярат кылып, алардын арбагына Куран окуп, дуба багышташты.
Зыярат учурунда Нийматилла ажы Топчиев маркумдардын өмүр жолу, элге кылган кызматы жаш муунга үлгү болорун айтып, алардын баштаган иштери улантыларын билдирди. Зыярат алкагында маркумдардын жакындары менен жолугушуу болуп, алардын эл-журт үчүн кылган кызматтары, калтырган жакшы издери эскерилди.