«Ким Аллахтан корксо жана сабыр кылса, албетте Аллах жакшы иштерди жасагандардын эмгегин текке кетирбейт» (Юсуф, 90).
Аймактар | 10.11.2025
  • |

Ноокатта айыл жаштары имамга умра сапарына жолдомо белек кылышты

Ош облусуна караштуу Ноокат районунун баш имам-хатиби Бекназар ажы Жапаров райондогу "Ак чабуу" мечитинин имамы Ажимамат Кенжекуловго айыл жаштары уюшуп, умра сапарына жолдомо белек кылышкандыгын билдирди.

"Ажимамат дамлабыз 2010-жылдан баштап 2013-жылга чейин "Ак чабуу" мечитинде азанчы болуп эмгектенсе, андан бери имамдык кызматка аркалап келет. 12 жылдан бери элге дин жеткирүүдө кылган кызматын айыл жаштары эске алып, ыйык умра сапарына жолдомо белек кылышты. Аллахым уюштурган жаштардан Аллахым ыраазы болсун", – деди баш имам-хатиб Бекназар ажы Жапаров.

Айта кетсек, аталган мечит имамы буга чейин ажылык же умра сапарына бара элек. Элдин колдоосу менен алгачкы жолу умра сапарына аттанып жатат.