Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.
"Аллахтын алдында эң эле сый-урматтууңар – такыбалуурагыңар" (Хужурат, 13)
Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Арбын аылында "Динибизде бала тарбиялоонун орду" аталышында жергиликтүү эл менен жолугушуу өткөрүлүп, ага КМДБнын Ош облусу боюнча өкүлүнүн милдетин аткаруучу Султанали ажы Гапуров катышып, өз баяндамасын жасады.
Жолугушууда Султанали ажы Гапуров аталган темага кошумча, үй-бүлө баалуулуктары, үй-бүлөдөгү эркек менен аялдын милдеттери, кайнене менен келиндин ортосундагы мамилелер жана Мекенди сүйүү боюнча да акыл насаатын айтты.
«Аял үйдүн куту» деп бекеринен айтылбаса керек. Аялзаты алсыз болгондуктан, ал турмушка чыкканга чейин атасынын, турмушка чыккандан кийин күйөөсүнүн камкордугунда болот. Үй-бүлөдө атаны сыйлоо – бала тарбиясында абдан маанилүү. Анткени бала укканын эмес, көргөнүн кылат. Үйдөгү эне деген мектеп жакшы болсо, коом жакшырат. Ошол себептен балдардын тарбиясына кайдыгер болбоңуздар", – деди Султанали ажы Гапуров.
Аталган иш-чарага райондун баш имам-хатиби Бекназар ажы Жапаров, айыл өкмөт жетекчилиги, жергиликтүү имамдар жана айыл жашоочулары катышты.