«Силердин эң жакшыларыңар – үй-бүлөсүнө эң жакшы мамиле кылгандарыңар» (Тирмизи)
Ноокен районунда Кыргызстандын мусулмандарынын Дин башкармалыгынын Азирети Муфтийинин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Эрик ажы Молдокуловдун катышуусунда көчмө жыйын өткөрүлдү.
Жыйынга облус аймагындагы район жана шаарлардын баш имам-хатибтери, ошондой эле казыят кызматкерлери катышты.
Жыйындын жүрүшүндө облус аймагындагы мечиттердин эсептик каттоосу жана кайра каттоо иштеринин абалы, имамдардын билим деңгээлин жогорулатуу, мамлекеттик органдар менен тыгыз кызматташтыкты жолго коюу маселелери талкууланды. Ошондой эле алдыдагы ыйык Рамазан айына карата мечиттердин даярдыгы, тазалык жана уюштуруу иштерине өзгөчө көңүл буруу боюнча тапшырмалар берилди.
Өз сөзүндө облус өкүлү Эрик ажы Молдокулов мечиттердин ишмердүүлүгү мыйзам талаптарына ылайык жүргүзүлүшү зарыл экенин белгиледи.
«Мечиттердин эсептик каттоосу жана кайра каттоо иштери өз убагында, так жүргүзүлүшү керек. Бул – тартипти жана мыйзамдуулукту камсыздоонун негизги шарты. Ошондой эле имамдардын билим деңгээлин жогорулатуу бүгүнкү күндүн талабы. Биз мамлекеттик органдар менен тыгыз кызматташып, дин жаатындагы иштерди туура нукта алып баруубуз абзел. Айрыкча Рамазан айына карата мечиттер тазалык, тартип жана уюшкандык жагынан даяр болушу шарт», – деди ал.
Жыйындын жүрүшүндө район-шаарлардын баш имам-хатибдери мечиттерди каттоо иштеринде тиешелүү мамлекеттик мекемелердин көмөгү зарыл экендигин белгилешти. Алардын айтымында, бул багыттагы документ иштеринде айрым кыйынчылыктар жаралууда.
Жыйын соңунда коюлган маселелер боюнча тиешелүү тапшырмалар берилип, биргелешкен иш-аракеттерди күчөтүү зарылдыгы белгиленди.