Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.

«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Аймактар | 26.08.2025
  • |

Ноокенде 70 балага окуу куралдары жана акчалай жардам берилди

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда жаңы окуу жылынын башталышына карата аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына кубаныч тартууланды. Райондук хатибияттын демилгеси жана жергиликтүү ишкерлердин колдоосу менен 70 балага мектеп сумкасы, окуу куралдары жана кийим-кече алуу үчүн ар бирине 2000 сомдон акчалай жардам көрсөтүлдү.
 
Райондун баш имам-хатиби Тынчтыкбек ажы Шаиков бул саамалык бир нече жылдан бери үзгүлтүксүз улантылып келе жатканын белгилеп:
 
“Биздин максат – жаш жеткинчектерди жаңы окуу жылына кубаныч менен даярдап, алардын көңүлүнө үмүт, жүзүнө жылмаюу тартуулоо. Бул ишке салым кошкон ар бир ишкерге Алла Таала берекесин берсин”, – деди ал.
 
Куран жана хадистерде кайрымдуулук менен берешендикке өзгөчө көңүл буруларын айткан ал пайгамбарыбыз Мухаммеддин (с.а.в.) ушул хадистерин эске салды:

“Ким бир мусулманды дүйнөдөгү кыйынчылыктан куткарса, Алла Таала аны акыреттеги кыйынчылыктардан куткарат” (Муслим риваяты).
“Берген кол алган колдон жогору” (Бухари жана Муслим).
 
Казыяттан маалымдашынча, жогорку иш-чара да дал ушул кайрымдуулуктун үлгүсү болуп, коомду жакшылыкка үндөгөн жакшы салт катары улантылып келет.