«Ким Аллахтан корксо жана сабыр кылса, албетте Аллах жакшы иштерди жасагандардын эмгегин текке кетирбейт» (Юсуф, 90).
Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы имамдарга атайын бирдиктүү чапандар тигилип, тапшырылды. Бул демилге райондук хатибият тарабынан көтөрүлүп, бардык дин кызматкерлерине жеткирилди.
Баш имам-хатиб Тынчтыкбек ажы Шаиковдун айтымында, бирдиктүү кийим имамдардын коом алдындагы кадыр-баркын арттырып, алардын адеби жана кийими аркылуу элге үлгү болушуна өбөлгө түзөт:
«Имам — коомдун жүзү. Анын сүйлөгөн сөзү, жасаган иши жана кийим маданияты да элге таасир этет. Ошондуктан биз райондогу имамдарыбыз үчүн атайын бирдиктүү чапандарды тиктирип, тапшырдык», – деди баш имам-хатиб.
Эске салсак, Ноокен районунда жалпы 117 мечит бар. Анын ичинен 43 ү жума намаз окулуучу мечит болуп эсептелет. Район аймагында 115 имам калкка диний кызмат көрсөтүп келет.