Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.

«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Аймактар | 14.11.2025
  • |

Орто-Саз айылында жаңы мечиттин ачылышы болуп өттү

Нарын районуна караштуу Орто-Саз айылында «Эликбай уулу Аалы» атындагы жаңы мечиттин ачылыш аземи болуп өттү. Иш-чарага Нарын районунун баш имам-хатиби Рустам Чыров, Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысы Туратбек Кулешов, ИТАР фондунун жетекчилиги жана айыл тургундары катышты.

Ачылыш аземи кызыл лентаны кесүү менен башталып, коноктор мечиттин босогосун аттап, алгачкы эки рекет намазын окушту.

Андан соң Нарын районунун баш имам-хатиби Рустам Чыров куттуктоо сөзүн сүйлөп, төмөнкүлөргө токтолду:

“Урматтуу айыл тургундары, аксакалдар! Биз бүгүн мечиттин кооз салынышына сүйүнүп жатсак, эми анын ичин эл менен, жамаат менен толтуруу аркылуу дагы бир ирет кубаналы. Себеби мечиттин ичи толбосо, анда анын куту да болбойт. Ошондуктан бул мечитти ыйман үйүнө айланткан элден бололу. Ушул мечиттен айылга, Нарын элине жана жалпы кыргыз элине кызмат кыла турган ыймандуу уул-кыздар өсүп чыгуусун Алла насип кылсын”, — деди баш имам-хатиб.

Мечиттин курулушуна демөөрчүлүк кылган ИТАР фондунун жетекчиси Алмазбек Курбанов да сөз сүйлөп, курулуш иштерине жакындан жардам көрсөткөн казыят кызматкери Фасихидин Халимовго жана мечит үчүн жер бөлүп берген айыл тургундарына ыраазычылык каттарын тапшырды. Ошондой эле айыл мечитине Куран китептерин белек кылды.

Иш-чаранын жүрүшүндө айыл аксакалдары жана келген коноктор да куттуктоо сөздөрүн сүйлөп, мечиттин курулушуна салым кошкон бардык тараптарга ыраазычылык билдиришти.

Жаңы курулган мечиттин сыйымдуулугу 200 адам. Аялдар үчүн өзүнчө зал каралган. Ошондой эле заманбап талаптарга ылайык дааратканасы, жылытуу очогу жана атайын бөлмөлөр менен жабдылган.

Бул мечит Кувейт мамлекетинин ИТАР фонду тарабынан айыл тургундарына белек катары курулуп берилди.