Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.

«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Аймактар | 24.05.2025
  • |

Ош: Мечит-медреселерде иш кагаздарды мамлекеттик тилде жүргүзүү боюнча түшүндүрүү иштери жүрүүдө

Ош облусунун мусулмандарынын казысынын орун басары Абдималик ажы Турсунбеков Ош облустук казыяты, КР Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиги жана Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия менен биргеликте Ош облусунун аймагындагы диний уюмдарда жана диний окуу жайларда түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Иш-чаранын негизги максаты “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамынын талаптарын түшүндүрүү, мамлекеттик тилдин сакталышын камсыздоо, ошондой эле диний уюмдарда мамлекеттик тилде иш жүргүзүү жана көрнөк-жарнактардын кыргыз тилинде болуусун жөнгө салуу болуп саналат.

Мындан тышкары, диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттары боюнча маалымат берилүүдө жана диний уюмдардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын так аткарылуусу боюнча түшүндүрмөлөр жүргүзүлүүдө.

«Облус боюнча жалпы мечит-медреселерде иш кагаздарынын кыргыз тилинде жүргүзүлүшү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. Бул жаатта диний окуу жайлардагы көрнөк-жарнактардын айрымдары тиешелүү талапка жооп бербегендиктен, алынып, эскертүүлөр берилди», – деди облус казысынын орун басары Абдималик ажы Турсунбеков.