Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.
«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Ош облусундагы дин кызматкерлери Кыргыз Республикасынын ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын ыкчам башкаруу борборунун Түштүк аймагы боюнча санариптик көзөмөлдөө бөлүмчөсүнүн ишмердүүлүгү менен таанышып чыгышты.
Аталган бөлүмчөнүн жетекчиси Салмоор Шералиев конокторго коомдук жайларда коопсуздукту сактоодо санарип ыкма менен иш алып баруу мүмкүнчүлүгүн көрсөтүп берди.
Ош облусунун казысынын орун басары Абдималик Турсунбеков ушул күнгө чейин мечиттерде орун алган кылмыш иштерин эске салып, коопсуздукту заманбап, санарип ыкма менен камсыз кылуу демилгесин колдоого аларын жана ар бир мечит имамы жүзүн таануучу видеобайкоо камераларын орнотуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгарын билдирди.
Иш-чарага Ош ОИИБдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын башчысы Азизбек Ташболотов, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин түштүк аймактык бөлүмүнүн адиси Азаматбек Таиров, Ош облустук казыят кызматкерлери, райондук баш имам-хатибдер, айыл өкмөттүн жооптуу имам-хатибдери катышты.
Белгилей кетсек, Президент Садыр Жапаровдун Жарлыгынын негизинде, “Коопсуз шаар долбоору” толугу менен Ички иштер министрлигине өткөрүлүп берилген. Анын алкагында облустун бардык райондорунда коомдук жайларга жүзүн таануучу видеобайкоо камераларды орнотуу улантылат.