«Оо, ыйман келтиргендер, Аллахтан сабыр жана намаз менен жардам сурагыла. Алла Таала албетте, сабыр кылгандар менен бирге болот” (Бакара, 153)
Бүгүн, 3-февраль күнү КМДБнын Ош облусу боюнча өкүлчүлүгүнүн жыйындаар залында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин кызматкерлеринин катышуусунда облус аймагындагы ДОЖ жетекчилерине жыйын өткөрүлдү.
Аталган жыйында өкүлчүлүк жана улуттук агенттик тарабынан диний окуу жайларды окуу программасына ылайык иш алып баруу, окуу жайдын имаратында түзүлгөн шарттарды жакшыртуу, санитардык эрежелердин сакталуусун камсыздоо, финансылык эсептерге так болуу жана тиешелүү иш кагаздарды жүргүзүүдө жоопкерчиликтүү болуу жөнүндө айтылды.
Ошондой эле, ДОЖдордун жыл сайын улуттук агенттикке берүүчү отчётторун тездетүү, отчёттун таблицасын толтурууда эмнелерге көңүл буруу керектиги жөнүндө кеңири маалымат берилди.
Жыйынга КМДБнын Ош облусундагы өкүлүнүн орун басары Абдималик ажы Турсунбеков, улуттук агенттиктин түштүк аймактык бөлүмүнүн кызматкерлери Ильяз Маматкаримов менен Азамат Таиров, облус аймагындагы диний окуу жайлардын жетекчилери, жооптуу катчылары жана эсепчилери катышты.