«Орозо кармагыла да, (жан дүйнөңөрдү да, ден-соолугуңарды да) чыңдагыла! (Хайсами 3/179)
Ыйык Курман айт майрамына карата Абибилла ажы Кадырбердиевдин жетекчилигиндеги Ош облустук мусулмандарынын казыятынын жамааты тарабынан Кара-Суу жана Араван райондорундагы муктаж балдар мекемелерине кайрымдуулук жардамдар көрсөтүлдү.
Атап айтканда:
Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айылында жайгашкан атайын дүлөй балдар үчүн балдар бакчасына;
Кара-Суу районунун Телман айылындагы "Келечек" балдар үйүнө;
Кара-Суу районунун Коммунист айылындагы атайын дүлөй балдар мектебине;
Араван районунун Чек-Абад айылындагы аз камсыз жана жетим балдар үчүн жатак мектебине.
Бул иш-чаралар жардамга муктаж балдарга көңүл буруу жана коомчулукта кайрымдуулук маданиятын жайылтуу максатында уюштурулду.
Ош облусунун казысы мындай иш-чаралар мындан ары да улантыларын белгилеп, аталган мекеме жетекчилерин жана тарбиялануучуларын айт майрамы менен куттуктап, мүмкүнчүлүгү чектелген жана аз камсыз балдарга билим берип келе жаткан мугалимдерге ыраазычылык билдирди.