Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.
«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Ош шаардык мусулмандарынын казыяты тарабынан Ош шаарындагы жума окулган мечиттердин азанчыларына арналган “Азандын шарияттагы орду жана жоопкерчилиги” темасында үч күндүк окуу курсу уюштурулуп жатат.
Иш-чаранын ачылышында Ош шаардык мусулмандарынын казысы Самидин кары Атабаев сөз сүйлөп, азандын исламдагы орду, азанчынын жоопкерчилиги жана жамаатка болгон таасири тууралуу кеңири баян айтып, мындай окуу курстары алдыда да улантыларын белгиледи.
Окуу курсу Имам аль-Бухари-Алай мечитинде өтүп, ага шаардагы бардык жума мечиттердин азанчылары активдүү катышты. Иш-чаранын максаты – азанчылардын диний билимин жогорулатуу, азан айтуунун адептери жана шарияттагы орду тууралуу кеңири маалымат берүү болуп эсептелет.
Окуу учурунда төмөнкү багыттар боюнча сабактар өткөрүлөт:
- Азандын тарыхы жана шарияттагы орду;
- Азанчынын адеби жана жамаат менен болгон мамилеси;
- Азан айтуунун эрежелери жана убактысына жоопкерчилик;
- Таҗвид, талаффуз, үн маданияты боюнча практикалык көнүгүүлөр.
Курстун жүрүшүндө ар бир катышуучу теория менен катар практикалык түрдө да азан айтышат.
Иш-чаранын жыйынтыгында шариятка ылайык жана кооз азан айткан катышуучуларга сертификаттар, ал эми өзгөчөлөнгөн азанчыларга ыраазычылык баракча жана белектер ыйгарылмакчы.