«Оо, ыйман келтиргендер, Аллахтан сабыр жана намаз менен жардам сурагыла. Алла Таала албетте, сабыр кылгандар менен бирге болот” (Бакара, 153)
Аймактар | 04.02.2026
  • |

Ош шаары: Мечиттерди Рамазанга даярдоо тапшырмасы берилди

Ош шаарындагы «Имам аль Бухарий-Алай» атындагы борбордук мечитте мечит имамдары жана орун басарларына жыйын болуп, бир катар тапшырмалар берилди. Иш-чарага Азирети Муфтийдин Ош шаарындагы өкүлү Самидин кары Атабаев, орун басары Акжол ажы Бакиров, Ош шаарындагы мечит имамдары жана орун басарлары катышты.

Жыйында Азирети Муфтийдин Ош шаарындагы өкүлү Самидин кары Атабаев имамдардын коомдогу орду чоң экенин баса белгилеп, төмөндөгү тапшырмаларды берди: 
1. Ыйык Рамазан айына карата даярдыктарды күчөтүү;
2. Имамдардын илим деңгээлин жогорулатууга багытталган окууларды уюштуруу;
3. Мечиттердин тазалыгы;
4. Даратканаларды оңдоп-түзөөдөн өткөрүү;
5. КМДБ тарабынан келген буйруктарды өз убагында аткаруу;
6. Шам баяндарын жогорку деңгээлде уюштуруу;

7. №05 токтом
8. Ар бир мечитте китеп бурчтарын ачуу.