Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.

«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Аймактар | 31.07.2025
  • |

Ош шаарында Куран жарышы өткөрүлүп, 2 кары республикалык тандоо туруна жолдомо утту

Кечээ, 30-июль күнү Ош шаарындагы «Имам аль Бухарий-Алай» атындагы борбордук мечитте Казакстан Республикасында өтүүчү Куран жарышына тандоо максатында 30 пара Куранды толугу менен жаттагандар үчүн конкрус болуп, ага Ош шаарынан 2 кары республикалык тандоо туруна жолдомого ээ болду.

Иш-чарага Ош шаарынын казысы Самидин кары Атабаев башында турган казыят кызматкерлери катышып, Кыргызстанга таанымал белгилүү карылар калыстык кылышты.
 
Саамалыкта шаар казысы Самидин кары Атабаев Куран жарышына катышып жаткан карыларга акыл-насааттарын айтып, бардык катышуучуларга ийгиликтерди каалады.
 
«Куран – Аллах Тааланын сөзү, аны жаттоо, окуу жана жашоодо колдонуу ар бир мусулман үчүн чоң сооп. Бул сыяктуу жарыштар жаштарды ыйманга үндөп, диний билимге умтулуусун арттырат. Башкалардын ооздорунан ар кандай сөздөр чыгып жаткан учурда, силердин оозуңардан Ыйык Куран сөздөрү чыгып жатат. Куранды окуп жатканда мүмкүн болушунча шашпай, тамгалардын чыга турган жайына (махражга) маани берип, сүрдөбөстөн тажвид эрежелери салып окуу зарыл», – шаар казысы.
 
Белгилей кетсек, республикалык тандоо туру 2025-жылдын 7-августунда Бишкек шаарында өтөт. Андан жеңүүчү болгон кары Казакстан Республикасында өтүүчү жарышка катышат.