Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.

«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Аймактар | 08.07.2025
  • |

Ош шаарындагы “Сулайман-Тоо” мечитинде аялдар үчүн семинар уюштурулду

Ош шаардык мусулмандарынын казыятынын уюштуруусу менен “Сулайман-Тоо” мечитинде аялдар үчүн “Бейиш эшиктери жана андан кирүүчүлөр” аттуу жандуу диний сабак өткөрүлдү.

Иш-чарага Ош шаарынын мусулмандарынын казысы Самидин кары Атабаев, казынын биринчи орун басары Акжол ажы Бакиров, диний чөйрөдөгү активдүү аял лекторлор жана калаадагы жалпы аялдар жамааты катышышты.

Саамалыкта шаар казысы Самидин кары Атабаев аялдардын диний билимге болгон кызыгуусун кубаттап, бейишке алып баруучу амалдар, үй-бүлөдөгү аялзатынын ролу жана коомдогу мусулман аялдын орду тууралуу баяндама жасады. Ал эми биринчи орун басар Акжол ажы Бакиров жамаатка адеп-ахлак, ыйман жана илимге умтулуу боюнча өз кеңештерин берди.

Иш-чаранын алкагында “Бейиш эшиктери жана андан кирүүчүлөр” темасында аял устаздар тарабынан дагы баяндамалар жасалып, бейиш эшиктеринин өзгөчөлүктөрү жана ар бир эшикке ылайык амалдар тууралуу кеңири түшүндүрмөлөр берилди.

Сабак суроо-жооп жана пикир алмашуу форматында өтүп, акырында дуба кылынды.