«Ким Аллахтан корксо жана сабыр кылса, албетте Аллах жакшы иштерди жасагандардын эмгегин текке кетирбейт» (Юсуф, 90).
Аймактар | 07.09.2025
  • |

Ош шаарынын казысы калаадагы мечиттерден кабар алууну улантууда

Ош шаардык мусулмандарынын казысы Самидин кары Атабаев шаар аймагындагы мечиттерден кабар алып, эл менен жолугушууларды өткөрүп, мечит имамдарынын ишмердүүлүгү, тазалыгы жана жарандарга кызмат көрсөтүү багытындагы иштер менен жеринен таанышууда.

Самидин кары Атабаев кезектеги иш сапары «Мамажусупбай ата» (Бакий) мечитинде болуп, багымдат намазынан соң элге ислам дининин баалуулуктары боюнча чакан баяндама жасады. 

Белгилей кетсек, шаар казысы Самидин кары Атабаев баштаган казыяттын  эмгек жамааты шаардагы бир нече мечиттердин жамааттары менен жолугушуп, жергиликтүү тургундардын диний абалын, намаз окуу шарттарын жана мечиттердин документ иштери менен жеринде таанышып чыгууда. 

Казыяттын жергиликтүү жашоочулар менен жолугушуулары мындан ары да улантыларын аймактык мекемеден айтышты.