Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.

«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Аймактар | 11.10.2025
  • |

Ош шаарында «III эл аралык Сарахсий симпозиуму» өттү

Бүгүн, 11-октябрь күнү ОшМУнун башкы корпусунда дин кызматкерлеринин катышуусунда ислам дүйнөсүндө аттын кашкасындай таанымал Имам Сарахсий тууралуу «III эл аралык Сарахсий симпозиуму» өткөрүлдү.

Иш-чарага ОшМУнун ректору, профессор Кудайберди Кожобеков, КМДБдан Самаган ажы Мырзаибраимов, Ош шаардык мусулмандарынын казысы Самидин кары Атабаев, Ош облусунун казысы Султан ажы Гапуров, Түркия мамлекети ГАЙЕ фондунун жетекчиси Махмут Фарук Акшит, Памуккале Университетинин ректору, профессор Махмуд Гүнгөр, теология факультетинин деканы, доктор Ниязалы ажы Арипов, Түркия мамлекетинин келген лекторлор, Ош шаары менен Ош облусуна караштуу мечиттердин имамдары жана студенттер катышты.

Ачылыш аземи Имам Сарахсий баштаган аалымдардын урматына Ыйык Куран тилаваты менен башталып, андан соң лекторлор кезеги менен сөз сүйлөдү.

Ош шаардык мсулмандарынын казысы Самидин кары Атабаев улуу ислам аалымы Имам Сарахсий боюнча кеп кылып, анын басып өткөн жолдору боюнча кычкача маалымат бериди

«Ханафий мазхабындагы эң маанилуу факих аалымдарынын бири болгон Имам Сарахсийдин 30 томдук эмгеги баарыбызга белгилүү. Сарахсийдин билүү, аалымга болгон урмат-сыйдын белгиси», – деди шаар казысы.

Андан соң келген лекторлор катары менен иш-чаранын багыты, максаттары боюнча  маалымттарды берүүдө.

Маалымат үчүн:

«I эл аралык Сарахсий симпозиуму» Ош шаарында.
«II эл аралык Сарахсий симпозиуму» Памуккале Университетинде
«III эл аралык Сарахсий симпозиуму» кайрадан Ош шаарында өткөрүлдү.