Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.
«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Бүгүн, 27-октябрь күнү Ош шаарынын мэриясында Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине карашту Пробация департаментинин Ош жана Баткен облустары боюнча аймак аралык башкармалыгы тарабынан пробация кардарлары үчүн экстремизмдин алдын алуу боюнча түшүндүрүү иш-чарасы өткөрүлдү.
Саамалыкка Пробация департаментинин Ош жана Баткен облустары боюнча аймак аралык башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Бөрүмухамед Эсенов, Ош шаардык мусулмандарынын казысы Самидин кары Атабаев, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Фурхатбек Адилбек уулу, Ош ШИИБдин ЭММКАКтын кызматкери, Ош шаардык мэриясынын кызматкери, пробация департаментинин кызматкерлери жана пробация кардарлары катышты.
Иш-чарада Ош шаардык мусулмандарынын казысы Самидин кары Атабаев исламда ишеним негиздери, маалымат алуунун булагы, Ханафи мазхабы жана Матуриди акыйдасы жоопкерчилик, ыймандуулук тууралуу кеңири баяндама жасап, пробация кардарларын маектешүүгө чакырды. Ошондой эле катышуучуларга диний-укуктук багыттагы кеңештерди берди.
Калган лекторлор кезеги менен сөз сүйлөп, ар кандай сектелардын ислам ишеним негиздерине каршы келерин баса белгилеп, кардарларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын так сактоого чакырышты.
Иш-чаранын негизги максаты – мыйзамдуулукту сактоо, кылмыштуулуктун алдын алуу, диний-экстремисттик агымдардан оолак болуу жана коомго пайдалуу жаран катары кайта адаптация болуу боюнча түшүндүрмө берүү болуп саналат. Бул иш-чара пробация кардарларын коомго кайра интеграциялоодо жана мыйзам бузууга жол бербөөгө көмөктөшүү максатында уюштурулуп, мындан ары да улантылары белгиленди.