Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.

«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Аймактар | 22.09.2025
  • |

Ош шаарында “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу боюнча түшүндүрүү иш-чарасы өттү

Ош шаардык мусулмандар казыятына караштуу Сулайман Тоо мечитинде Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” аттуу уңгужолу тууралуу жарлыгы боюнча түшүндүрүү иш-чарасы болуп өттү.

Иш-чарага Ош шаардык мусулмандарынын казысы Самидин кары Атабаев баштаган казыят кызматкерлери, Ислам Нурдинов башында турган Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жан этностор аралык мамилелер боюнча улукттук агенттиктин республикалык жана аймактык өкүлдөрү, Ош шаарындагы диний окуу жайлардын жетекчилери жана калаадагы мечит имамдары катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө Президенттин Жарлыгынын негизги максаттары, багыттары жана мааниси жамаатка түшүндүрүлүп, улуттук баалуулуктарды даңазалоо, Мекенге болгон сүйүү, тил жана дин менен мамлекеттүүлүктү бекемдөө маселелери айтылды.

Дин иштери жан этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин өкүлдөрү уңгужолдун негизги багыттарына токтолуп, анын алкагында диний мекемелердин ролу тууралуу маалыматтар менен бөлүштү.

Ош шаардык мусулмандарынын казысы Самидин кары Атабаев жарандарды биримдикке, адептүүлүккө жана ыймандуулукка чакырууда жана ошондой эле бул жарлыктын ишке ашуусуна дин кызматкерлери да өз салымдарын кошуп келерин белгилеп өттү.

Иш-чара соңунда катышуучулар тарабынан көтөрүлгөн суроолорго жооп берилип, уңгужолдун мазмуну боюнча кенен түшүндүрмөлөр берилди.