Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.
«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Бүгүн, 23-октябрь күнү Ош калаасындагы «Имам ал Бухарий-Алай» атындагы борбордук мечитте шаардык казыяттын уюштуруусу менен шаардагы бардык мечит имамдары, орун басарлары, диний окуу жайларынын жетекчилери жана окутуучулары үчүн алдыда өтүлүүчү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча үгүт иштерге аралашпоо боюнча тапшырмалар берилди.
Иш-чарага Ош шаарынын казысы Самидин кары Атабаев, Ош ШИИБнын ЭММКАК башчысы Нургазы Калматов, Ош шаардык мэриясынын өкүлү Замирбек Ташполотов, улуттук агенттиктин түштүк аймактык бөлүмүнүн адиси Азамат Тоиров, казыят кызматкерлери, мечит имамдары, орун басарлары, диний окуу жайлардын жетекчилери жана мугалимдер катышты.
Жыйында жергиликтүү бийлик өкүлү дин кызматкерлерин жоопкерчиликтүү, таза жана элге үлгүлүү болууга чакырды. Ошондой эле жаңы кабыл алынган «Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндөгү» мыйзамга ылайык, дин кызматкерлеринин милдеттери жана укуктары боюнча кенен маалыматтарды берип, диний обьектилерде жана дин кызматкерлеринин катышуусунда үгүт иштери таптакыр болбоосу зарыл экенин баса белгиледи.
Ал эми Ош шаарынын казысы Самидин кары Атабаев ар бир жаранга мыйзамды так сактоо бир тараптан мамлекеттин талабы болсо, экинчи тараптан башчыга моюн суну шарияттын да талабы экенин эскертти.
Ошону менен бирге Ош ШИИБнын ЭММКАК башчысы Нургазы Калматов дин кызматкерлерин коомдогу орду чоң экенин баса белгилеп, мыйзамды сактоо жана түшүндүрүү иштеринде көмөктөшүүгө чакырып өттү.