"Жамаат менен окулган намаз жеке окулган намаздан 27 даража артык".
 (Бухари, №645; Муслим, №650)
Аймактар | 08.04.2026
  • |

ОшМУнун теология факультетинде дин кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу курсу башталды

Бүгүн, 8-апрель күнү Ош мамлекеттик университетинин теология факультетинде «Дин кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу курсу» башталды. Иш-чаранын ачылуусуна Азирети Муфтийдин Ош шаарындагы өкүлү Самидин кары Атабаев, Ош облусундагы өкүлү Султан ажы Гафуров, улуттук агенттиктин түштүк-аймактык бөлүмүнүн башчысы Фурхатбек Адилбек уулу, теология факультетинин декены Ниязалы ажы Арипов баштаган факультеттин эмгек курамы, Ош шаары жана Ош облусунан келген имамдар катышты. 

Демилге Ош мамлекеттик университети, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин түштүк аймактык бөлүмү, Түркия Диянет вакфы жана Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын ортосундагы кызматташтыктын алкагында ишке ашырылууда.

Квалификациялык билимди өркүндөтүүгө багытталган курска Ош шаарынан 25, ал эми Ош облусунан 25 жалпы 50 дин кызматкерлери катышууда.

Курстун окуу программасы дин жаатындагы актуалдуу маселелерди, салттуу ислам түшүнүгүн, дин жана укук, диний экстремизмдин жана радикализмдин алдын алуу, мазхабтар тарыхы, улуттук маданият жана дин сыяктуу темаларды камтып, коомдогу дин кызматкерлеринин ролун жана жоопкерчилигин тереңдетип үйрөнүүгө шарт түзөт.

Долбоордун негизги максаты — дин кызматкерлеринин илимий жана практикалык кесипкөйлүгүн күчөтүү, өлкөбүздөгү руханий адеп-ахлакты бекемдөө жана коомдо туура диний түшүнүктү жайылтууга өбөлгө түзүү болуп саналат.