Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.

«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Аймактар | 23.09.2025
  • |

Ошто дин кызматкерлеринин ортосунда спорттук мелдеш өттү

Кечээ, 22-сентябрь күнү Ош шаарындагы «Имам Хасан» мечитинтин футбол аянтчасында калаадагы дин кызматкерлеринин ортосунда достукка жана ынтымакка багытталган спорттук мелдеш болуп өттү.

Иш-чаранын негизги максаты — дин кызматкерлери арасындагы биримдикти бекемдөө, сергек жашоо образын даңазалоо жана ден соолукту чыңдоого үндөө болду.

Мелдешке Ош шаардык масулмандарынын казысы Самидин кары Атабаев баштаган казыят кызматерлери, мечит имамдары, Ош облусунун казысы Абибилла ажы Кадырбердиев баштаган казыяттын эмгек жамааты, мечит имамдары жана медресе студенттери катышып, спорттун футбол түрүнөн күч сынашты.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин түштүк бөлүмү жана «Кызыл Ай» коому тарабынан уюштурулуп,  жеңүүчүлөргө  кызыктыруучу сыйлыктар тапшырылды.

Ош шаарынын казысы Самидин кары Атабаев мелдештин ачылышында сөз сүйлөп, спорт — ыйман менен катар эле ден соолукту да чыңдоо экенин белгилеп, мындай иш-чаралар мындан ары да уланарын баса билдирди.