Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.

«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Аймактар | 07.09.2025
  • |

Ошто үй-бүлө институту боюнча аялдарга багытталган агартуу лекциясы өттү

Ош шаарында аялдар үчүн "Үй-бүлө институтунун мааниси жана исламдагы орду" аталышындагы темада агартуу лекциясы өткөрүлдү. Иш-чаранын алкагында аялдардын исламдык билим деңгээли, үй-бүлөдөгү орду, жубайлар ортосундагы адеп-ахлак, бала тарбиялоодагы жоопкерчилик жана ислам дининдеги үй-бүлөлүк баалуулуктар тууралуу кеңири маалыматтар берилди.

Лекцияга Ош шаардык мусулмандарынын казысы Самидин кары Атабаев катышып, аялзатына адептүүлүк, сабырдуулук жана ибадат менен бекемделген үй-бүлө коомдун пайдубалын түзөрүн баса белгиледи. 

Ал исламдагы аялдардын укуктары жана милдеттери тууралуу баяндама жасап, үй-бүлөнү бекем сактоодо аялзатынын ролу  маанилүү экенин белгиледи.

Катышуучулар темага байланыштуу суроолорду берип, пайдалуу пикирлер менен бөлүштү. 

Иш-чара аягында катышуучулар уюштуруучуларга ыраазычылыгын билдирип, мындай иш-чаралар көп өткөрүлүшү керектигин баса белгилешти.