Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.

«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Аймактар | 11.07.2025
  • |

Ошто мамлекеттик тил мыйзамынын аткарылышы боюнча семинар өткөрүлдү

Ош облустук казыяты тарабынан облус аймагындагы райондук хатибияттын кызматкерлери менен ДОЖ кызматкерлерине семинар өткөрүлүп, анда мамлекеттик тил мыйзамынын аткарылышы жана иш кагаздарды мамлекеттик тилде жүргүзүү маселелери каралды.

Облус казысынын орун басары Абдималик ажы Турсунбеков сөз баштап, жалпы катышуучуларды медреседе 4 жыл окуган студенттин дипломун жараксыз болуп калбоосу үчүн кайдыгер болбостон, иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү боюнча толук үйрөнүп алууга чакырды.

Аталган семинарда Улуттук комиссиянын аймактарда мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмүнүн кызматкери Эркайым Маматкарим кызы мамлекеттик тилдин санариптешүү багытындагы иштери тууралуу маалымат берсе, Архив кызматынын Ош региондук башкармалыгынын уюштуруу-кадр иштери жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы Ү. Эргешов Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама тууралуу баяндама жасады. Ошондой эле Ош мамлекеттик университетинин улук окутуучусу Г. Мамадиева кыргыз тилинин жазуу эрежелери жана тыныш белгилерин туура колдонуу боюнча түшүндүрмө берди.

Ошондой эле, КР Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттигинин түштүк аймактык бөлүмүнүн адиси Ильяз Маматкаримов мечит-медреселерде мечиттерде мамлекеттик тил мыйзамынын талаптарын сактабаган жана кыргыз тилинин жазуу эрежелерине туура келбеген каталар аныкталса, тиешелүү диний мекемелерге мыйзам чегинде эскертүүлөр бериле тургандыгын билдирди.