Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.

«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Аймактар | 23.09.2025
  • |

Өзгөндө имамдар арасында спорттук мелдештер өткөрүлдү

Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун баш имам-хатиби Үсөн Маматтурсун уулу райондогу жалпы имамдарга хатибияттын демилгеси менен башталган спорттук мелдештин кезектеги турнири өткөрүлгөндүгүн билдирди. 

"Мындан үч ай мурун Өзгөн районундагы жалпы имамдар үчүн хатибияттын демилгеси менен спорттук мелдеш уюштурганбыз. Хатибияттын бул демилгесин имамдар колдоого алып, ар квартал сайын өткөрүп турууну колго алышты. Район боюнча 12 айыл өкмөт жана бир шаар биригип, жылда 4 жолу турнир өткөрүү үчүн аймакка бөлүнүштү. Айта турган болсок, бул жолкусунда Мырза-Аке аймагы болуп, анда Мырза-Аке, Салам-Алик жана Кара-Шоро айыл өкмөттөрү биригип турнир өткөрүштү. Кийинки кезекте да 3 айыл өкмөт биригип, жалпы имамдарга турнир өткөрүшөт. Бул демилге имамдарыбыздын ден-соолугуна кам көрүү жана араларында ынтымакты бекемдөө максатында уюштурулду", – деди баш имам-хатиб Үсөн Маматтурсун уулу.

Спорттун волейбол түрү боюнча жеңүүчүлөр: 
1-орун – Төрт-Көл; 
2-орун – Кара-Шоро; 
3-орун – Салам-Алик;
4-орун – Жазы.

Волейбол боюнча мыкты оюн көргөзгөндөр; «Мыкты коргоочу» – Нуржигит Токтосун уулу (Жазы а/ө) болсо, «Мыкты дарбазачы» Азамат Асанов (Кароол а/ө) болду. Ошондой эле, мыкты оюнчу Жусуп Үсөнов (Төрт-Көл а/ө) болуп аныкталды.

Спорттун футбол түрү боюнча жеңүүчүлөр:

1-орун – Кара-шоро;
2-орун – Төрт-Көл;
3-орун – Мырза-Аке;
4-орун – Өзгөн шаары.

«Мыкты дарбазачы» – Нурмамат Токсонбаев, «мыкты чабуулчу» – Темурлан Сапарбай уулу, «мыкты коргоочу» – Насрулло Асанов, «мыкты оюнчу»
Мухаммадали Үсөнов болду. 

Ошондой эле, спорттун кол күрөш түрү боюнча жеңүүчүлөр:

Салам-Алик – 1-орун;
Мырза-Аке – 2-орун;
Төрт-Көл – 3-орун.