Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.
«Эки умра – ортосундагы нерселерге каффарат, ал эми кабыл болгон ажылыктын Бейиштен башка сообу жок» (хадис)
Чүй облусунун Панфилов районуна караштуу Октябрьское (Келечек) айылында жакшы саамалык болуп өткөнүн муфтияттын Чүйдөгү өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Аталган айылдагы жаштар “Ар-Раян” мечитинин имам-хатиби Турдубек Жолдошбай уулуна коомго кошкон салымы, үзүрлүү эмгеги жана ак ниет кызматын жогору баалап, ыйык умра сапарына жолдомо белек кылышты.
Өз кезегинде имам айыл тургундарына терең ыраазычылыгын билдирип, мындан ары да жамааттын ынтымагын бекемдөө, жаштардын ыйманын чыңдоо жолунда кызмат кылууну убада кылды.
Белгилей кетсек, Турдубек Жолдошбай уулу 22 жылдан бери имамдык кызматты аркалап, элге диний жана руханий багытта үзүрлүү эмгек өтөп келет.