Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.
«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Баткен облусундагы Лейлек районунун Раззаков шаарындагы Каттабек м2 мечитинин имамы Хамза Тургуновго мечит жамааты ыраазычылык иретинде ыйык умра сапарына жолдомо белек кылышты.
Жергиликтүү жамааттын айтымында, имам Хамза Тургунов жаш курагына карабастан диний агартуу, жамаатты бириктирүү жана мечит ишин жандандыруу багытында активдүү эмгектенип келет. Жамаат өкүлдөрү анын элге жана жергиликтүү коомчулукка көрсөткөн кызматын жогору баалап, ыйык умра сапарына барып келүү сертификатын ыйгарышты.
Имам Тургунов 30 жашта, ал 2024-жылдан бери Каттабек м2 мечитинин имам-хатиби болуп кызмат өтөп келет. Жергиликтүү элдин пикиринде жаш дин кызматкерлерин колдоо — туура, так жана агартуучу диний билимди коомго жеткирүүгө өбөлгө түзөт.