«Орозо кармагыла да, (жан дүйнөңөрдү да, ден-соолугуңарды да) чыңдагыла! (Хайсами 3/179)
Бүгүн, 4-июнда Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев Ош шаарынын мусулмандарынын жаңы казысы Самидин кары Атабаевди кабыл алды.
Өз сөзүндө мэр Самидин кары Атабаевди жаңы кызматка дайындалышы менен куттуктап, этностордун ортосундагы достук мамилелерди чыңдоо боюнча казыяттын жүргүзүп жаткан ишинин маанилүүлүгүн белгиледи.