Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.

«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Аймактар | 08.11.2025
  • |

Султанали ажы Гапуров Араванда айымдар жана мырзаларга лекция окуду

Ош облусунун мусулмандарынын казысы Султанали ажы Гапуров Араван районуна жасаган иш сапарынын алкагында "Зыя" диний окуу борборунун жыйындар залында райондогу айымдар үчүн лекция окуду.

Лекцияда кайын эне менен келиндин ортосундагы мамилелер, бала тарбиясы, бир туугандык мамилелер, жакшылык кылуу жана жакшылыкка себепкер болуу жөнүндө баяндама жасалып, катышуучулардын кызыккан диний суроолоруна жооп берилди.

"Кайын эне менен келин бир-бири менен жакшы мамиледе болуусу үй-бүлөнүн ынтымагын бекемдейт. Үй-бүлөдөгү ынтымак бекем болсо, бала тарбиялоодо үлгү болуп көрсөтүү мүмкүнчүлүгү болот. Анткени эң жакшы тарбия өзү аткарып, иш жүзүндө көрсөтүп, анан сөз менен эскертилгени болот. Жума баяндарында эркек кишилерге канча маселелер айтылып келет. Бирок алардын көпчүлүгү уккан маселесин үйүнө айтып барбайт. Ошол себептен, аялдарга да сабактарды уюштуруп, диний маалыматтарды берүүнү уюштуруп жатабыз", – деди облус казысы Султанали ажы Гапуров.

Ошондой эле, үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук, кошуналар менен болгон мамиле, коомдук жайлардагы жүрүм-турум жана "Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндөгү" мыйзам боюнча да маалымат берип өттү. Өзгөчө диний билимди расмий каттоодон өткөн ДОЖдордон алууга чакырып, үйлөрдө уюштурулган диний окутуулар мыйзамсыз экендигин эскертти.

Аталган жолугушууга Араван районунун баш имам-хатиби Умарали ажы Муратов, райондук администрациясынын өкүлү жана райондогу айымдар катышты.

Ошону менен бирге облус казысы Султанали ажы Гапуров райондун борбордук мечитинде жума баянына келген жергиликтүү жамаатка жогоруда аталган маселелер боюнча лекция окуп, ар бир үй-бүлө жергиликтүү имамдар менен тыгыз байланышта болуп, диний маалыматтарды расмий имамдардан гана алуу керектигин билдирди.