Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.

«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Аймактар | 18.11.2025
  • |

Султанали ажы Гапуров белгилүү дин аалымы Умарали ажы Бекмуратовду зыярат кылды

КМДБнын Ош облусу боюнча өкүлү Султанали ажы Гапуров баштаган өкүлчүлүктүн жалпы эмгек жамааты белгилүү дин аалымы Умарали ажы Бекмуратовду зыярат кылып, ак батасын алды.

Жолугушууда Умарали ажы Бекмуратовдун дин жолунда кылган эмгектери эскерилип, өзгөчө диний билим берүү тармагында көптөгөн мыкты кадрларды тарбиялап чыгаргандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, өкүлчүлүктүн Ардак грамотасы тапшырылды.

Айта кетсек, Умарали ажы Бекмуратов өлкөбүз эгемендүүлүккө жеткен күндөн баштап, эң алгачкылардан болуп "Абдыжапар" атындагы медресени расмий каттоодон өткөргөн. Андан кийин 1999-жылдары "Абдыжапар" атындагы Ислам институту болуп кайра каттоодон өткөрүлгөн. Умарали ажы 25 жылга чукул убакыт аталган окуу жайда жетекчилик кызматын аркалап, көптөгөн шакирттерди тарбиялап чыгарган. Учурда окуу жайдын бүтүрүүчүлөрү өлкө аймагында ар түрдүү багыттарда диний кызматтарда эмгектенип келишет.