Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.
«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Ош облусунун мусулмандарынын казысы Султанали ажы Гапуров Ноокат районундагы Арбын айылында жаңы курулган диний окуу борборун зыярат кылып, тиешелүү иш кагаздарын даярдоо процесси менен таанышты.
"Элдин диний билим алуусуна шарт түзүү учурдагы биздин милдетибиз. Өлкөбүздө дин эркиндиги болгондуктан, медреселер расмий түрдө ачык иштеп келүүдө. Ошентсе да, көпчүлүк элдин атайын медресеге барып окууга тиричилик иштери менен бошобой же жаш курагы өткөн же мүмкүнчүлүгү жок болгон жагдайлар бар. Мына ошондой учурда айылдарда ачылган диний окуу борборлор элдин диний маалымат алуусуна өтө чоң мүмкүнчүлүк жаратып берет. Күнүнө же эки күндө бир келип, бир сааттан окуп кетсе да, бир жыл да көп нерсени үйрөнүп калган болот. Өзгөчө аялдардын диний билим алуусу келечек жаштардын тарбиясына көңүл буруу болуп саналат", – деди облус казысы Султанали ажы Гапуров.
Айта кетсек, Арбын айылында курулган диний окуу борбордун имаратынын курулушу дээрлик аяктап, ичинде окуу үчүн шарттар түзүлгөн. Жалпысынан 4 окуу канаасы болуп, болжолдуу 60 адамдын сабак алуусуна мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Тиешелүү иш кагаздары да курулуш менен биргеликте параллелдүү түрдө жасалып жатат.