Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.
«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Ош облусунун мусулмандарынын казысы Султанали ажы Гапуров Кара-Кулжа районуна караштуу Ой-Тал айыл өкмөтүнүн тургундары менен жолугушту.
Согушбек Сатыбалдиев атындагы Сары-Бээ айылдык маданият үйүндө өткөн жолугушуунун жүрүшүндө облус казысы Султанали ажы Гапуров КР Президентинин Жарлыктарынын негизинде маркумду акыркы сапарга узатуу, той-аштарда ысырапкорчулукка жол бербөө, салттуу исламдын каада-салтыбызга болгон шайкештиги, бала тарбиялоодо жоопкерчиликтүү болуу, үй-бүлөдөгү ата-эненин орду, жакшылыкка чакыруу, жамандыктан кайтаруу жана жаштардын диний сабаттуулугун жогорулатуу жөнүндө баяндама жасады.
"Аллах Таала кереметтүү Куранда: "Жегиле, ичкиле, ысырап кылбагыла. Анткени Аллах Таала ысырап кылуучуларды жактырбайт" деп айтылат. Каада-салтты аткарууда аша чаап, ысырап кылып жибербейли. Колунда барлар жогорку деңгээлде өткөрүүсү жеңил болушу мүмкүн. Бирок ага атаандашкан карапайым эл карызга батып, үй-бүлөдөгү тынчтыгын бузуп алган учурлар болууда. Ошондой эле, маркумду акыркы сапарга узатуу жана сөөк коюуда тиешелүү эрежелерди сактоого чакырабыз. Кайтыш болгон ата-энебизди эскерүү, ага сооп тийсин деп кылган жакшылыктарыбыз тамак-аш менен гана чектелбесин, жол, көпүрө, мектеп, мечит салуу сыяктуу кайрымдуулук иштери өтө көп", – деди облус казысы Султанали ажы Гапуров.
Жыйын соңунда жергиликтүү тургундар өздөрү кызыккан диний суроолоруна жооп алып, сунуш-пикирлерин билдиришти.