Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.
«Эки умра – ортосундагы нерселерге каффарат, ал эми кабыл болгон ажылыктын Бейиштен башка сообу жок» (хадис)
Кечээ, 18-декабрда Сүлүктү шаардык хатибияты тарабынан «Ислам – бактылуулуктун булагы» аталышындагы форум болуп өттү.
Форумга Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин Баткен облусундагы өкүлүнүн милдетин аткаруучу Нуридин ажы Мамасабиров, жана орун басарынын милдетин аткаруучу Муса ажы Жолдошов Сүлүктү шаарынын баш имам-хатибинин милдетин аткаруучу Нурсултан ажы Абдукаров, шаардык мэриядан, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана жергиликтүү катышты.
Форумдун максаты — Ислам дининин адам жашоосундагы орду, аны бизге чейин жеткирген аалым молдолордун Ислам дини үчүн басып өткөн жолу тууралуу баяндамалар айтылды. Ошондой эле руханий жана адеп-ахлактык баалуулуктарын кеңири түшүндүрүү болду.
Мындан тышкары, форумда Ислам дининин үй-бүлөлүк ынтымакты бекемдөөдөгү, коомдук биримдикти чыңдоодогу ролу студенттер тарабынан даярдалган сахналык көрүнүш тартууланды.