«Орозо кармагыла да, (жан дүйнөңөрдү да, ден-соолугуңарды да) чыңдагыла! (Хайсами 3/179)
Аймактар | 05.03.2026
  • |

Сулумбек ажы Узеналиев Жайыл районунун акими Имамназар Бурканов менен жолугушту

Азирети Муфтийдин Чүй облусундагы өкүлү Сулумбек ажы Узеналиев кечээ, 4-март күнү иш сапары менен Жайыл районуна барып, район акими Бурканов Имамназар Апызович менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө аким жаңы дайындалган өкүлдү жооптуу кызматы менен куттуктап, ишине ийгиликтерди каалады. Тараптар райондогу коомдук, социалдык жана руханий багыттагы маселелер боюнча кеңири пикир алышты.

Айрыкча Жайыл районундагы имамдар менен биргеликте ишембилик уюштуруу, аймактарды тазалоо, эл арасында ынтымакты бекемдөө жана тарбиялык иштерди күчөтүү маселелери талкууланды. Ошондой эле райондогу актуалдуу көйгөйлөр, жаштар менен иш алып баруу жана калктын социалдык муктаждыктарына көңүл буруу боюнча сунуш-пикирлер айтылды.

Жолугушуунун соңунда тараптар мындан ары да тыгыз кызматташып, райондун өнүгүшүнө багытталган иштерди биргеликте жүргүзүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Айта кетсек, Сулумбек ажы Узеналиев иш сапарынын алкагында Жайыл жана Панфилов райондорунун имамдары менен жолугушту.