Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.
«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Сузак районунун Курманбек айыл аймагына караштуу Кара-Чолок айылынын тургуну, жеке ишкер Баяман Курманбек уулу айылдагы аз камсыз болгон 5 үй-бүлөгө бирден кой, азык түлүк баштыкчаларын берип, аталган айылдын мурдагы имамы Канатбек Боконовго 14 күндүк умра сапарына жолдомо тартуулады.
Жолдомону райондун баш имам-хатиби Жунус ажы Исмаилов тапшырып, “Айылыбыздын жаштарынын аракети, ийгиликтүү ишкерлерибиздин колдоосу менен ишке ашып жаткан мындай жакшы саамалыктар буйруса дагы да улана берет. Эң башкысы элибизде ынтымак, жергебизде тынчтык, ортобузда биримдик, жүрөгүбүздө ыйман болсун. Сунуш-пикирлерибизди жок дебестен колдоого алган кайрымдуу, берешен инсандарыбыздан Аллахым ыраазы болсун”, – деди.
Эске салсак, Сузак районундагы умра сапарына берилген бул жолдомо Рамазан айы башталгандан берки аймактагы үчүнчү жолдомо болуп эсептелет.