Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.
«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Сузак райондук хатибиятынын демилгеси жана жеке ишкер Зирегүл Мусаеванын демөөрчүлүгү менен жаңы окуу жылына карата аз камсыз болгон 30 окуучуга мектеп формасы жана окуу куралдары тапшырылды.
Иш-чарада райондун баш имам-хатиби Жунус ажы Исмаилов кайрымдуулуктун баалуулугуна токтолуп, төмөнкүлөрдү айтты:
«Садака балээге тоскоол болот, кайрымдуулук болсо жүрөктү тазалайт. Аллах Таала Куранда: «Силер жакшы көргөн нерсеңерден бермейинче жакшылыкка жетпейсиңер» (Али Имран сүрөсү, 92-аят) – деп айткан. Пайгамбарыбыз ﷺ да: «Кайрымдуулук малды азайтпайт» (Муслим) – деп үммөтүн берешен болууга үндөгөн. Ошондуктан балдарыбызды кичинесинен бөлүшүүгө, башкаларга жардам берүүгө үйрөтүшүбүз зарыл», – деди баш имам.
Демөөрчү Зирегүл Мусаева бул кайрымдуулук бир нече жылдан бери үзгүлтүксүз улантылып келе жатканын белгилеп, балдарга ийгилик каалоо менен бирге, райондук хатибиятка ыраазычылыгын билдирди.
Сузак райондук хатибияты мындан ары да коомго пайдалуу, кайрымдуулук жана тарбия багытындагы иш-чараларды уланта бермекчи.